“Даңазалуу кылым” сериалында Бали бейдин ролун аткарган түрк актёру Бурак Өзчивит Түркиянын Стамбул шаарында туулган. Ал Стамбулдагы Мармара университетинин көркөм искусство факультетин аяктаган. Бурак Өзчивит 2003-жылдан тарта моделдик карьерасын баштаса, 2006-жылдан баштап актёр катары тааныла баштаган.