24- Декабрь 1975 -жылы
Америкалык композитор Бернард Херрманн дүйнө салган
Америкалык композитор Бернард Херрманн 64 жашында Лос-Анжелесте дүйнө салган.
"Оскар", "BAFTA", "Грэмми" сыйлыктарынын ээси Бернард Херрманн 1911-жылы 29-июнда Нью-Йоркто туулган. Ал 1930-1940-жылдары америкалык режиссёр Орсон Уэллс менен иштешсе, 1955-1964-жылдары америкалык жана англиялык режиссёр Альфред Хичкок менен иштешип, "Психо" ж.б. тасмаларынын музыкасын жазган. Хичкок менен тил табыша албай калгандан кийин Бернард Херрманн франциялык режиссёр Франсуа Трюффо ("451 градус по Фаренгейту", "Невеста была в чёрном") жана америкалык режиссёр Брайан Де Пальманын тасмаларынын музыкаларын жазган. Композитордун көзү өтүп кетсе дагы азыркы убакка чейин анын жараткан эмгектери заманбап тасмаларда колдонулуп келет. Мисалга алсак, америкалык режиссёр Квентина Тарантино "Убить Билла" тасмасында композитор Бернард Херрманндын музыкасын колдонгон.