Советтик жана орусиялык композитор, Орусиянын Эл артисти Исаак Шварц 86 жашында дүйнө салган. Исаак Шварц үч ирет "Ника" кино сыйлыгына татыган Орусиядагы жалгыз композитор болгон. Ал симфониялык чыгармалардын автору, андан сырткары эки балеттин, 35 спектакль жана 125 тасманын музыкаларын жазган.