21- Декабрь 2013 -жылы
“Бавария” клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун утуп алган
Германиялык “Бавария” футболдук клубу Мароккодо өткөн клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун утуп алган. Финалдык беттеште ал марокколук “Ража” клубу менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңишке жеткен. Голдорду Бонфим Данте менен Тиагу Алькантара өз эсептерине жаздырышкан.