21- Декабрь 2013 -жылы "Turkvizyon-2013" Эл аралык сынагы жыйынтыкталып, "Чоро" тобу жетинчи орунду алган
Түркиянын Эскишехир шаарында “Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагы жыйынтыкталган. Анда Азербайжан ырчысы Фарид Гасанов жеӊүүчү деп табылып, байгеге коюлган 20 миң еврону утуп кеткен. Ал эми экинчи орунду беларустук ырчы Гюнешь Абасова алса, үчүнчү орунду Украинанын аткаруучусу Фазиле Ибраимова ээлеген. Кыргызстандын атынан катышкан "Чоро" тобу жетинчи орунду алган. 
“Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагынында ар кайсы мамлекеттен 24 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Алардын 12си финалда жеӊиш үчүн ат салышкан. Калыстар тобунда сынакка катышкан 24 өлкөдөн бирден өкүл болгон. Кыргызстандын атынан КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева калыстар тобунун мүчөсү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан