29- Июнь 1957 -жылы
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов туулган
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Ашхабад облусундагы Бабарап кыштагында туулган. 1979-жылы Түркмөнстандын Мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Бердимухаммедов медицина илимдеринин доктору, кесиби боюнча тиш доктур. 1997-жылы Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. 2001-жылы Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2006-жылы ноябрда Минскте өткөн ШКУнун саммитине Түркмөнстандын атынан барган. Ошол эле жылы декабрда түркмөн президенти Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайткан соң, Бердимухаммедов президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. Ушул жылы 11-февралда президенттик шайлоодо 83 пайыз добуш менен жеңишке жетип, Түркмөнстандын экинчи президенти болуп калган. Президент болгондон кийин эң биринчи жарлыгы менен орто мектептерде он жылдык билим берүүнү калыбына келтирген.