28- Февраль 1982 -жылы
орусиялык топ-модель Наталья Водянова төрөлгөн
Орусиялык топ-модель Наталья Водянова Орусиянын Нижний Новгород шаарында төрөлгөн. Наташанын атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен. Кыздары менен жалгыз калган энеси аялдамада жемиш сатып нан таап күн көргөн. Наташа кыздардын улуусу болгондуктан кичинекей бөбөктөрүн багып, үй жумушун жасоого милдеттүү эле. Кичүү сиңдиси майып экенине байланыштуу апасы ооруканага көп каттоого аргасыз болчу. Минтип апасы бошобогон кезде жемиш сатуу жумушу да Натальяга жүктөлө турган.
15 жашында досу Натальяны Евгений Чкаловдун моделдик агенттигине алып келет. 100 талапкер кыздын ичинен Евгенийдин көзү дал ушул Водяновага түшөт. Натальяга ал "англис тилин үйрөнүшүң керек" деген талап коёт. Ошентип орус "Золушкасы" мына ушундай татаал турмушту башынан кечирип жер шарына таанымал болгон.