1- Июнь 1958 -жылы
Монголиянын мурунку президенти Намбарын Энхбаяр туулган
Монголиянын мурунку президенти Намбарын Энхбаяр Улан-Батордо туулган. 1980-жылы Москванын Адабият институтун аяктаган. Н.Энхбаяр 1992-жылы маданият министри болуп дайындалган. Ал эми 1997-жылы ошол кездеги бийликке каршы турган оппозициялык кыймылдын лидери болуп, 2000-жылы жалпы шайлоодо жеңишке жетишкен. 2004-жылы өлкөнүн парламентинин төрагасы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин Монгол Элдик революциялык партиясынан талапкер катары шайлоого катышып, 53% добуш менен президент болуп шайланган. Ал эми 2009-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңилүүгө дуушар болгон.