28- Октябрь 1956 -жылы
Ирандын алтынчы президенти Махмуд Ахмадинежад туулган
Ирандын алтынчы президенти Махмуд Ахмадинежад Семнан провинциясындагы Арадан кыштагында туулган. Кесиби боюнча инженер. 1970-жылы Ахмадинежад АКШнын элчилигин басып алган студенттердин бири болгон. 2003-жылы Тегерандын мэри болуп дайындалып, 2005-жылы Ирандын президенти болуп шайланган. Махмуд Ахмадинежад Ирандын өзүнүн өзөктүк программасына ээ болуу укугун талашып келген. Анын айтымында, бул программа тынчтык максатын көздөгөн. Президенттик шайлоодогу жеңиштен кийин Ахмадинежад “үлгү боло ала турган ислам коомчулугун куруу” тууралуу сөз берген. Ошентип президенттик постто 2013-жылдын август айына чейин иш алып барган.