23- Декабрь 2013 -жылы
советтик жана орусиялык конструктор Михаил Калашников каза болгон
Советтик жана орусиялык конструктор Михаил Калашников 95 жаш курагында каза тапкан. Маалыматка ылайык, 17-ноябрда ал ашказандагы кан агуу диагнозу менен госпиталга жаткан.
Михаил Калашников – автоматтык атуучу курал системинин автору. Бул систем бүгүнкү күнгө чейин эң мыкты деп саналып келет. Калашниковдун 30 жылдан мурун айтылган "Эгер кимдир бирөө меникинен да сонун автомат ойлоп чыгарса, мен аны менен биринчи барып учурашам" деген сөзү канаттуу сѳзгѳ айланган.
Михаил Калашников өзүнүн белгилүү АК-47 автоматын 1947-жылы конструкциялаган. Азыркы учурда Калашников автоматтары 100дѳн ашык ѳлкѳлѳрдүн күч түзүмдөрүндө колдонулат жана 20-кылымдын эң кѳрүнүктүү ойлоп чыгарылган нерселеринин бири болуп саналып келет. Михаил Калашников кѳптѳгѳн автобиографиялык китептерди жазган жана карыган кезге чейин заводдогу башкы конструктор кызматында иштеген. Ал Орусия Баатыры жана эки ирет "Социалисттик Эмгек Баатыры" наамын алган жалгыз адам болуп саналат.