23- Декабрь 2013 -жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова дүйнө салган
96 жаш курагында Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова дүйнө салган. 
Ал 1917-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында туулган. Кыргыздар мурда өстүрүп көрбөгөн кант кызылчасын өстүрүп, 1941-жылы өзүнчө колхоздук бригада түзгөн. Ал эми кандуу согуштун каардуу жылдарында зор эмгек өтөгөн. Керимбүбү Шопокова башкарган бригада кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап, өзүнүн кылган эмгеги менен 1946-жылы Ленин ордени, көп өтпөй Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1957-жылы Хрущёв Кремлде Социалисттик Эмгектин Баатырынын алтын жылдызын тапшырган, ал эми 1997-жылы 2-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. 
Керимбүбү Шопокова Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан