25- Декабрь 1998 -жылы
Жети ай ичинде өлкөдө эки өкмөт алмашып, министрлер кабинетинин башына Жумабек Ибраимов турган үчүнчү өкмөт келген
Түштүк Чыгыш Азияда башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да кесепетин тийгизбей койгон эмес. Жети ай ичинде өлкөдө эки өкмөт алмашып, 1998-жылдын 25-декабрында министрлер кабинетинин башына Жумабек Ибраимов турган үчүнчү өкмөт келген. Мындан эки күн мурун президенттин аспиранты, чарбалык жетекчиликтен кабары жок Кубанычбек Жумалиевдин өкмөтү отставкага кетирилген. Бирок Кыргызстандагы кризистик кырдаалды андан да күчөткөн К.Жумалиев Жалал-Абад областына губернатор болуп дайындалган.