25- Декабрь 2003 -жылы
Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин Казакстан Республикасына жасаган расмий сапары башталган
Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевдин Казакстан Республикасына жасаган расмий сапары башталган. Ушул эле күнү ал Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, мамлекет аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүдө аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташуу маселелери козголуп, анын жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда "Биримдик келишимине" жана өкмөт аралык беш документке кол коюлган.