Монголия Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Санжбегзийин Тумур Очирдин Кыргызстанга жасаган эки күндүк визити башталган. Ушул эле күнү ал Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары - Алтай Бөрүбаев жана Абдыганы Эркебаев менен жолугушкан. Сүйлөшүү жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, парламент аралык туруктуу иштей турган топ куруу туурасында суроо көтөрүлгөн.