6- Август 1925 -жылы
Советтик аскер башчы Григорий Котовский каза болгон
Жарандык согуштун баатыры, Кызыл Аскердин саркери Григорий Котовский Одессадан алыс эмес жерде жайгашкан "Чебанка" совхозунда эс алып жүргөн жеринен Мейер Зайдер деген адам тарабынан атылган. Легендарлуу Григорий Котовскийди жайына коюуну советтик бийлик Лениндикинен кем калбаган эле шаан-шөкөт менен уюштурушкан. Москвадан Одессага шашылыш түрдө денени бальзамдоочулар жеткирилип, алар ишин бир нече күндө аякташкан. Андан соң элдин Котовский менен коштошуусу үчүн катырылган дене Одесса Аткаруу комитетинин колонна залына алып барылып коюлган. Лениндин мавзолейине бир нече ирет кол салуу ишке ашпаганы менен, Котовскийдин сөөгүн башкача тагдыр күтүп турган. Немистик баскынчылар Котовскийдин табытын ачышып, сөөккө маскарачылык менен мамиле жасашкан. Анан аны атылып өлтүрүлгөн жергиликтүү адамдардын сөөгү менен кошо жаңы казылган аңгекке ыргытып, көмүп салышкан. Темир жол депосунун жумушчулары аңгекти ачышып, өлгөндөрдүн сөөгүн башка жакка көмүшкөн. Ал эми Котовскийдин сөөгүн мүшөккө салышып, аны 1944-жылга дейре сакташып, анан бийликке өткөрүп беришкен.
Эскерте кетсек, Котовский Молдавияда советтик бийликти орнотуучулардын бири, башкача айтканда, жарандык согуш кезинде кавалериялык бригаданын жана дивизиянын командири болгон.