26- Декабрь 1851 -жылы Улуу жүз казак приставы майор Перемышльский эки кыргыз туткуну боюнча подполковник Петровго кат жолдогон
Орус бийлиги тарабынан 1851-жылдын сентябрь айында туткундалган эки кыргыз адамынын тагдыры, кыргыз жана падышачылык Орусия ортосундагы эки тараптуу мамиленин калыптанышына таасир тийгизбей койгон эмес. Орус бийлиги алардан аскерлерге каршы аракет көрбөгөндүгүн териштирсе, кыргыздын журт башчылары - Ормон хан менен Жантай манаптар туткундардын бошотулушун өтүнүп орус администрациясына кат жолдошкон. Улуу жүз казак приставы майор Перемышльский 1851-жылдын 26-декабрында Ормон хандын катын негиз кылып, эки кыргыз туткунун жылкылары жана буюм-тайымдары менен өзүнө жиберилишин өтүнүп, подполковник Петровго кат жолдогон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан