1- Январь 1959 -жылы V чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуталип Кочкорбаев төрөлгөн
V чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуталип Кочкорбаев Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1981-жылы Ош педагогиалык институтунун Кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Алай районундагы Нура айылында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 
1982-1984-жылдары – Ош областтык мамлекеттик архивинде архивист, бөлүмдүн начальниги болуп иштеген.
1984-1985-жылдары – комсомолдун Ош областтык комитетинин жооптуу кызматкери;
1985-1989-жылдары – Ош областынын Кара-Суу районундагы Фрунзе атындагы колхоздун комсомол комитетинин катчысы;
1989-1992-жылдары – Ош областынын Кара-Суу районундагы Фрунзе атындагы колхоздун парткабинетинин башчысы.
1992-2000-жылдары – Ош областынын Кара-Суу районундагы Курманжан датка (Фрунзе) атындагы колхоздун профсоюз комитетинин төрагасы.
2001, 2005, 2009-жылдары Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады айыл округунун айыл өкмөт башчысы болуп шайланган.
2011-жылдын март айында “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан