Таланттуу актёр жана ырчы Асылбек Өзүбеков Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында туулган. 4-класска чейин айылда окуп, кийин борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке которулган. Үйлөмө аспаптарды тереңдетип окуган класста Муратбек Бегалиев сыяктуу таланттуу музыканттар менен бирге билим алган. 9-классында кайра айылга кетүүгө туура келген.