7- Январь 1952 -жылы V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов туулган
V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Райкан Төлөгөнов Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кичи Ак-Жол айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1978-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1978-жылы Караван айылындагы Ильич орто мектебинде тарых сабагынан мугалим болуп баштаган. 1979-1989-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясында кенже илимий кызматкер, Философия жана укук институтунда тарых материализм секторунун ага илим кызматкери болуп эмгектенген.
1989-жылы адам көйгөйүн ар тараптан изилдөө секторуна ага кызматкери болуп которулган.
1989-1990-жылдары Кыргызстан ЦК КПнын "Коммунист Кыргызстан" журналында редоктор болгон.
1990-1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратында коомдук пикир изилдөө жана социалдык алдын ала билүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Кийин Социалдык сфера, Басма сөз жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы болгон.
1992-жылы "Ата Мекен" социалисттик партиясына кирип, 2000-жылдан баштап партиянын Бишкек шаардык баштапкы уюмунун төрагасы болуп эмгектенет.
1994-жылдын декабрь айына чейин Жалал-Абад облусунун тышкы экономика иштери боюнча облустук администрация башчысынын орун басары болуп, 1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратында референт болуп иштеген.
2010-жылы май айынан баштап август айына чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн аппаратынын башчысынын орун басары болуп иштейт.
2010-жылдын ноябрь айында "Ата Мекен" партиясынан Кыргыз Республикасынын 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан