9- Январь 1913 -жылы Американын 37-президенти Ричард Никсон туулган
Американын 37-президенти Ричард Никсон Калифорнияда туулган. Юрист адистигин алып, кесиби боюнча иштеп, 1942-жылдан тартып мамлекеттик иштерде эмгектене баштаган. 1952-жылы вице-президент болуп, 8 жылдан кийин, 1960-жылы президенттик шайлоого катышкан. Анда Жон Кеннедиден бир аз гана пайызга артта калган. Ал эми 1962-жылы Калифорниянын губернаторлугу үчүн ат салышып, жеңилип калган. 1968-жылы Ричард Никсон кайрадан президенттик шайлоого катышып, бул ирет жеңишке жетишкен. 1969-жылдын 20-январынан 1974-жылдын 9-августуна чейин өлкө башында туруп, мөөнөтү бүтө электе тактыны бошотуп берген.
Ричард Никсон 1994-жылы 22-апрелде 81 жашында Нью-Йоркто каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан