Орусиялык “Блестящие” тобунун экс-солисти жана муз үстүндө бийчи Анна Семенович Москва шаарында төрөлгөн. Ата-энеси бирге жашагандарына 8 жыл толгондо гана көптөн күткөн Анна жарык дүйнөгө келген. Бирок, 2 жашында Анна катуу ооруп, жарым жыл ооруканада жатат. Кичинекей болсо да өз жашоосу үчүн күрөшө билген кызын айыгып чыгаары менен апасы врачтардын берген кеңештери боюнча спорт дүйнөсүнө жетелеп барган. Жыйынтыгында, муз үстүндө бийлөө боюнча машыга баштайт. Өзүнөн эки-үч жашка улуу балдар менен машыккандыктан, алар менен чогуу окууга да туура келип, болочок фигурист кыз 5 жашында Спорт комитетинин алдында түзүлгөн атайын мектепте 1-класстын окуучусу болууга үлгүрөт. Алгачкы жылдары эртең менен окуу, түштөн кийин машыгуу болгондуктан, “өзүм курактуулар менен ойноону да билбей калдым, силер менден балалыгымды алып койдуңар” деп ата-энесине таарынып ыйлаган күндөрү болгон.
Бир канча жыл спорттун бүл түрү менен машыккан соң Анна тажрыйбалуу спортчулардын катарына кошулат. Алгач белгилүү машыктыруучу Наталья Дубованын кол алдында тарбияланып, кийин жалгыз эмес, түгөй менен бийлөө жагына өтүп, Елена Чайковскаянын мектебине барат. Эң биринчи шериги, бийдеги түгөйү болгон Володя Фёдоров менен бирге Орусиянын муз үстүндө бийлөө боюнча өткөргөн чемпиондугунда 3-орунду багындырышат. Бул Аннанын биринчи ийгилиги болуп эл көзүнө илине баштаган соң машыктыруучулар арасында да талашка түшкөн бул түгөй Наталья Линичуктун колуна өтөт. Бир канча таймаштардан баш байгенин ээси болуп кайтышкан Анна менен Володя көп узабай дүйнөлүк масштабдагы сынактарга катышуу максатында Америкага аттанышат. Тилекке каршы, ал жактан Володянын бутундагы жаракаты күчөп, спорт менен коштошуусуна алып келген. Көп узабай Анна тез эле дагы бир атактуу фигурист Роман Костомаров менен бийлей баштайт. Экөөнүн дуэти дагы бир канча сыйлыктарды багындырган соң дүйнөдөгү эң күчтүү жана тажрыйбалуу 10 түгөйдүн алтынчысы катары саналууга жетишет. Жаңыдан Дүйнөлүк олимпиадаларга жол ачылып, болгон күчү менен машыгууларды күчөтүү максатында Америкага кайрадан учуп кетүү алдында турганда спорттогу түгөйү Роман мурдагы шериги Татьяна Навка менен бийлегиси келгенин айтып, Аннадан баш тартат. Турмуштун бул соккусуна туруштук берүү үчүн Анна кайрадан башка шерик издеп, жыйынтыгында, Денис Самохин менен бийлей баштайт. Бирок, тилекке каршы, спорттун муз үстүндө бийлөө жаатында коррупциянын өтө өнүгүп кеткенинен улам “силер али жашсыңар, келечегиңер алдыда” деп олимпиадага жолдомону акчасы барларга берип коюшкан.
21 жашында Анна балачагынан бери көксөгөн "Алтын медалдын" ээси болуу тилегинен кол жууга аргасыз болгон. Анткени, бутунан алган жаракаты күчөп, оор операцияны башынан өткөрөт. Мындан ары спорт менен машыгуусун биротоло токтотуу керек экендигин түшүнгөн болочок ырчы Анна Семенович бир топ кыйынчылыктарды жеңип чыгууга туура келген. Алардын эң башкысы, “өмүрдүн акыркы мүнөттөрү өтүп жатат” деген кабар берген депрессиядан кутулуу эле. 21 жашында эле мындай олуттуу маселеге кабылган Анна бир жыл Америкада жаткан. Көп өтпөй эле Аннаны тааныштарынын бири "7TV" каналына спорт кабарчы катары көрсөтүү даярдап, аны алпаруусун сунуштайт. Буга макул болгон Анна эртеси эле телевидение турмушуна аралашып, кабарчы жана алпаруучу катары эл алдына чыга баштаган. Ар бир чыгарылыш үчүн 100 доллардан акы алып турганына сүйүнгөн Анна бул жерден өзүн таланттуу журналист катары да атын чыгарууга жетишет. Көп узабай СТС каналынан чакырык алат. “Эртең менен” жана “Түн” деген берүүлөрдүн алпаруучусу катары да өзүнө миңдеген күйөрмандарды топтоого жетишкен болочок ырчы дал ушул жерден “Блестящие” тобу менен жолуккан. Аннанын берүүсүнө тартылган топ алардан Жанна Фрискенин кетип жатканын айтышып, анын ордуна жаңы ырчы тандоо керек экендигин да кабарлашат. Берүү аяктагандан кийин эле топтун продюсери Аннага “сен ырдаганды билесиңби?” деген суроо узаткан. Жыйынтыгында, Анна эки күндөн кийин “Блестящие” тобунун мүчөсү катары гастролго сапар тартат.
2007-жылы Орусиянын Биринчи каналы тарабынан даярдалган “Муз доору” теледолбоорунда Анна Семенович кайрадан муз аянтчасында өз жөндөмдүүлүгүн тартуулаганы чыгып, машыгуу үчүн бир аз эркиндик жетишпей калгандыктан, “Блестящие” тобу менен кош айтышкан.
Анна Семенович муз үстүндөгү бийчи, ырчы, телеалпаруучу гана эмес актриса катары да таанылган.