1- Март 1994 -жылы канадалык ырчы Жастин Бибер төрөлгөн
Канадалык ырчы Жастин Бибер  Канаданын Стретфорд шаарында төрөлгөн. Апасы актриса Патти Маллетт 18 жашында никесиз төрөп алган. Баласына татыктуу тарбия берүү үчүн бир нече жумушта иштөөгө туура келген. Кичинекей Бибердин эки жашында эле музыкага шыгы ойгонуп, кийин өз алдынча фортепианодо, гитарада ойногонду үйрөнөт. Жаш өспүрүм 2007-жылы 12 жашында ырчы Не Йонун "Аябай тажадым" ("So Sick") ыры менен өзүнүн шаары Стретфорддо жергиликтүү сынакка катышат. Ал бул сынакта экинчи орунду алат. Апасы Патти Маллетт уулунун бул видеосун YouTube сайтына жайгаштырып коёт. Сайттан анын ырын угуп, үнүнө арбалгандар көбөйөт. Бара-бара Жастиндин сайттагы популярдуулугу жогорулайт. Таланттуу аткаруучуларды издеп жүргөн продюсер Скутер Браун капысынан Бибердин видеосун интернеттен көрүп калат. Болочок жылдыздын үнү, татынакай жүзү Браундун көңүлүнө толот. Жастинди Браун мектебине чейин издеп барып, апасына жолугуп, уулун ырчы кылып чыгарууга убада берет. Бул апасынын көптөн күткөн үмүтү болгондуктан келишимге макулдугун берет. Ошентип, 13 жаштагы Жастин апасынан уруксат алып, ыр жаздырып келүү үчүн Атлантага жөнөп кетет. Скутер Браун Жастин менен ырчы Ашердин жолугушуусун Атланта шаарында уюштурат. Ашер Жастиндин күчтүү үнүнө жана талантына таң калган. Жастин Тимберлейк да жаш өспүрүмдүн талантына баа берип, чогуу иштешүү сунушун киргизген. Бирок Тимберлейк жана Ашер менен жолугушуудан кийин Бибер Ашерди тандаган. Жастин үчүн Ашер менен болгон келишим бир топ пайдалуу эле. Ашер Жастинди "Хит ырлардын аралы" ("Island Records") аталган үн жаздыруучу студиясына алпарып, 2008-жылдын октябрь айында биринчи келишимге кол коюлган. 
Жастиндин дебюттук "Бир мезгилде" ("One time") аттуу альбому 2009-жылы жарыкка чыгып, дароо хитке айланат. Миңдеген күйөрмандары жаш ырчынын артынан аңдый башташат. 30дан ашуун өлкөгө жайылган бул альбому Жастиндин чыгармачылыгына чоң стимул болгон. Жаш ырчынын "Mенин дүйнөм" ("My world") аталыштагы альбому 2009-жылдын 17-ноябрында чыгып, дүйнөнүн хит ырларына айланган. 
2010-жылдын 23-мартында дебюттук музыкалык видеосу чыгып, көптөгөн өлкөлөрдө 10 мыкты клиптердин хит парадына кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан