6- Январь 1412 -жылы Франциянын Улуттук баатыры Жанна д’Арк туулган
Франциянын Улуттук баатыры Жанна д’Арк туулган. Францияда жүз жылдык согуш жүрүп жаткан убакта Жанна өзүн Кудайдын элчиси катары жарыялап, “Францияны баскынчылардан бошотуу - ыйык милдетим” деп айтып чыгат. “Кудайдын элчиси” деген аңыз бүткүл Францияны каптап, падыша Карлга чейин жетет. 19 жаштагы Жанна падышанын кабылдамасында болуп, аскер берүүсүн суранат. Жаннанын жеңишинен кийин падыша Карл таажысын кийип тактыга отурат. Бирок кайтарымы жок падыша өлкөсү үчүн көп эрдиктерге барган баатыр кызды сатып кетет. Өз падышасынын кыянаттыгынын айынан жоокер кыз туткундалып, чиркөөнүн адилетсиз соту динге каршы келген көз карашы үчүн Жаннаны айыптуу деп табат. 1431-жылы Франциянын Руан шаарында 19 жаштагы Жанна д’Арк эл алдында тирүүлөй өрттөлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан