30- Декабрь 1922 -жылы СССР Советинин I курултайына үч кыргызстандык делегат катышкан
СССР Советинин I курултайы өткөрүлүп, анда Советтик Социалисттик Союздук Республикасын уюштуруу туурасында тарыхый чечим кабыл алынган. Ал курултайга үч кыргызстандык делегат катышкан. Кыргыз мамлекетин түптөгөн кыргызстандык делегаттардын тагдыры бирдей кайгылуу аяктаган. Маселен, полководец Михаил Фрунзе 1925-жылы таң калыштуу абалда өлсө, Абдыкерим Сыдыков 1938-жылы атылып, Григорий Бройдо болсо 30-жылкы репрессияга кабылып, 1956-жылы акталып боштондукка чыккандан көп узабай жарык дүйнө менен кош айтышкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан