30- Декабрь 1927 -жылы Фрунзе шаарында безгектен ооругандардын саны 600 адамга жеткен
Саламаттыкты сактоо кызматынын билдирүүсүнө караганда Фрунзе шаарында безгектен ооругандардын саны 600 адамга жеткен. Саламаттыкты сактоо кызматынын аракетине ылайык, борбор калаада безгек менен ооругандардын саны кескин кыскарган. Эгер безгек илдетине чалдыккан адамдардын саны 1926-жылы 1100 адамга жетсе, бир жыл ичинде оорукчандардын саны дээрлик эки эсеге кыскарган. Шаардык жетекчилик муну жергиликтүү чарба кызматынын алгылыктуу ишинин акыбет эмгеги катары баалаган. Жергиликтүү чарба кызматынын аракети менен 1927-жылы шаардын түндүк тарабында 15 чакырым арык казылып, 144, 5 сотук саздак жер кургатылган. Ошол эле убакта маляриялык станция 113 көлчүккө нефть төгүп, безгек дартын тарата турган чиркейлерди кырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан