30- Декабрь 1928 -жылы
Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлер кеңешинин административдик бөлүмү спирт ичимдиктерин сатуу туурасында токтом чыгарган
Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлер кеңешинин административдик бөлүмү спирт ичимдиктерин сатуу туурасында катаал токтом чыгарган. Шаардык кеңештин токтомунда жаңы жылдык майрам күндөрү соода түйүндөрүнө түшүрүлө турган спирт ичимдиктерине чектөө киргизүү чарасы каралган. Жаңы жылдын биринчи күндөрү Фрунзе шаарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Шаардык кеңештин административдик бөлүмү 1-январдан 4-январга чейин жалгыз пиво суусундугун сатууга уруксат берген.