31- Декабрь 1853 -жылы
Батыш Сибирь генерал-губернатору кыргыздардын кайрылуусу боюнча империянын Тышкы иштер министрлигине кат жолдогон
Кыргыз урууларынын арасында орун алган араздашуу айынан, Ысык-Көлдү жердеген бугулар XIX кылымдын экинчи жарымынын башталышында Орусия империясынын курамына кирүүнү өтүнүп падышага кайрылууга мажбур болушкан. Анткен менен Батыш Сибирь бийлиги бул маселеге анча ашыга берген эмес.
Батыш Сибирь генерал-губернатору 1853-жылдын 31-декабрында империянын Тышкы иштер министрлигине жолдогон катында, алар менен кызматташуу канчалык пайдалуу болсо да, кыргыздардын өтүнүчүн кабыл алуу мүмкүн эместигин белгилеген. Кашгарга кетчү соода жолу кыргыздардын конушу аркылуу өтөөрүнө карабастан, генерал-губернатор алардын өтүнүчүнүнө оң жооп берген эмес. Анын ордуна ал Орусия империясынын курамына мурда кабыл алынган Улуу жүз казактар менен ынтымакта болгула деп, бугу уруусуна эскертүү жолдогон.