7- Январь 1993 -жылы өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери президент Аскар Акаевге Кыргыз мамлекетинин калктарынын курултайын өткөрүү сунушу менен кайрылышкан
Өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери президент Аскар Акаевге Кыргыз мамлекетинин калктарынын курултайын өткөрүү сунушу менен кайрылышкан. Кайрылууда Кыргыз өлкөсүндө жашаган калктардын көйгөйүн курултайда талкуулап, этникалык топтор арасындагы ынтымак, ырашкерчиликти арттыруу керектиги белгиленген. 
Курултай өткөрүү демилгесине "Кыргызстан эли" уюмунун жетекчиси Т.Мүлкүбатов, "Астүрк" түрк ассоциациясынын төрагасы М.Изаттов, "Чинсон" корейлер ассоциациясынын төрагасы В.Цой, "Иттипак" уйгурлар ассоциациясынын төрагасы Н.Кенжеев, "Орзу" өзбек ассоциациясынын төрагасы И.Садыкбаев, дунган ассоциациясынын төрагасы Ю.Дунларов, "Фольстрат" немец ассоциациясынын төрагасы В.Диль, Славяндар фондунун төрагасы В.Вишневский, "Туган тел" татар-башкорт калкынын маданий борборунун төрагасы Э.Смагулин, жөөттөрдүн "Менора" маданият коомунун төрагасы А.Кацев, күрддөрдүн "Ныштиман" ассоциациясынын төрагасы С.Касымов кол коюшкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан