8- Январь 2005 -жылы
"Ата Журт" жана "Кыргызстан патриоттук кыймылдары", оппозициячыл саясий партиялардын лидерлери жана бир катар депутаттар Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышкан
"Ата Журт" жана "Кыргызстан патриоттук кыймылына" кирген 40 чамалуу адам жана оппозициячыл саясий партиялардын лидерлери менен бир канча парламент депутаттары Жогорку Кеңештин кашына пикетке чыгышкан. Пикетчилер "Ата Журт" кыймылынын тең төрайымы, экс-министр Роза Отунбаеванын укугун коргоп, аны парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоону талап кылышкан.