8- Январь 2005 -жылы
президент Аскар Акаев парламенттик шайлоого утурлай Токмок шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн
Президент Аскар Акаев парламенттик шайлоого утурлай Токмок шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Анда мамлекет башчысы парламенттик жана президенттик шайлоону демократия талаптарына ылайык уюштурууга болгон шарттар жасалгандыгын билдирген.
Аны менен бирге Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоону Украина жана Грузиядагы "түстүү революция" өңүтүнө буруу аракети жасалып жатканын белгилеп, Саакашвили жетектеген Грузия бийлиги америкалык филантроп Ж.Соростон айлык алат деп "революциялык маанайдагы күчтөрдү" айыптаган.