8- Январь 1901 -жылы
Пишпек уездине караштуу 26 волосттун бийлик өкүлдөрү жеткинчектер үчүн мектеп-интернатты ачуу сунушу менен уезддик бийликке кайрылышкан
Пишпек уездине караштуу 26 волосттун бийлик өкүлдөрү жеткинчектер үчүн мектеп-интернатты ачуу сунушу менен уезддик бийликке кайрылышкан. Жаш жеткинчектерге орус тилин өздөштүрүү керектиги жана ал кыргыз жаштарынын келечеги үчүн кенен жол ачып бере тургандыгы белгиленген.
Мындан улам Пишпек шаарында 150 орундуу орус тилиндеги мектеп-интернаттын ачылышы учур талабына жооп берерине басым жасашкан. Волосттук бийлик өкүлдөрү эгер мектеп-интернатты ачууга каражат жетишпесе, анда жетишпеген акчаны түтүн башынан чогултуу сунушун киргизишкен.