Кыргыз жана калмак каршылаштыгынын айынан Алай жана Каратегинге сүрүлгөн кыргыз уруулары XVIII кылымдын биринчи жарымында Гиссарга келип жайланышкан. Мусулман авторлорунун жазганына караганда,1636-жылдын 10-январында ай жаңырып, бул күнү кыргыздардын он эки уруу башчысы Балх өкүмдарынын ордосуна келишкен. Аларды Хажим аталык-кытай коштоп, Надир-Мухаммед өкүмдардын кабыл алуусуна киргизген. Кыргыздар Балх өкүмдарына Гиссарда калып, ислам динин кабыл ала тургандыгын билдиришкен. Ыраазы болгон Надир-Мухаммед кыргыз уруу башчыларына чапан жаптырган.