2- Март 1824 -жылы Чех композитору, пианист, дирижёр Бедржих Сметана туулган
Улуттук чех операсын түзгөн композитор, пианист, дирижёр Бедржих Сметана сыра кайнатуучулардын үй-бүлөсүндө туулган. Немис тилдүү өлкөдө туулуп, бийликтегилердин тыюу салганына карабай Сметананын үйүндө жалаң чех тилинде сүйлөшкөн. Андыктан алгачкы билимди да өз эне тилинде алган. Музыкага жөндөмдүүлүгү эрте билинип фортепиано менен скрипкада ойноону үйрөнүп баштаган. Ал биринчилерден болуп өзүнүн чыгармаларында чех элдик сюжет, мотивдерди кошуп баштаган. Опера тарыхында толук чех тилинде жазылган “Бранденбурдагылар Чехияда” чыгармасы да анын калемине таандык. “Менин мекеним” симфониялык поэмасындагы "Влтава" (Молдау) чех элинин расмий эмес гимнине айланган.
Бедржих Сметана 1884-жылы 12-майда 60 жашында Прагада каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан