11- Январь 1922 -жылы
РКП (б) саясий бюросу Түркстан компартиясына ортого алынган жерди ээлерине кайтарып берүү саясий жаңылыш экендигин эскерткен
Совет мезгилинин башталыш убагындагы жер реформасынын жүзөгө ашырылышы кыргыз калкынын калыптанышына, теңчил мамиленин орношуна зор салым кошкон. Анткен менен айрым "жолдоштор" убагында тартылып алынган жер менчигин кайра ээлерине кайтарып берүү аракетин көрө башташкан. Акыры маселе Москва деңгээлинде чечилип, РКП (б) саясий бюросу Түркстан компартиясына ортого алынган жерди ээлерине кайтарып берүү саясий жаңылыш экендигин эскерткен.
Партиялык көрсөтмөдө Жети-Суу облусунда жүргүзүлгөн жер реформасынын мисалы катары кыргыздар келтирилип, анын натыйжасында теңчил заман орногондугу белгиленет. Эгер жер эски ээлерине кайра кайтарылса, ал кулактык системаны сактоого барабар экендиги баса белгиленип талаш маселеге чекит коюлган.