2- Март 1939 -жылы
англиялык археолог, египтолог Говард Картер көз жумган
Англиялык археолог, египтолог Говард Картер 64 жашында Лондондо көз жумган. Картер археологияга 1891-жылдан баштап, тагыраагы, 17 жашында британиялык уюштуруучулардын египетте өткөн археологиялык изилдөөлөрүнөн улам катышып баштаган. Ал 1922-жылы египеттик фараон Тутанхамондун күмбөзүн ачып, тарыхта калган.