19- Январь 1798 -жылы Социологияны негиздеген француз ойчулу Огюст Конт төрөлгөн
Социологияны негиздеген француз ойчулу Огюст Конт Франциянын Монпелье шаарында төрөлгөн. Лицейде окуп жүргөндө математика сабагына кызыгып окуган. Политехникалык мектепке тапшырып, ал жактан өзгөчө акылы менен досторун жана профессорлорду таң калтырган.

Франциялык ойчул, социолог Сен-Симон менен таанышып, бир нече жыл анын шакирти болгон. 1826-жылы апрель айында О.Конт өзүнүн үйүндө позитивдүү философия курсун ачып, белгилүү окумуштуулар Александр Гумбольдт, Анри Блэнвилль, Луи Пуансо, Франсуа Бруссеге сабак берген. Кийинчирээк кененирээк аудиторияга лекцияларды окуй баштаган. 1851-1854-жылы ал "Позитивдүү саясаттын системи" деген эмгегин жараткан.

О.Конттун пикири боюнча, социология коомдук өнүгүүнүн закондорун аныктайт. Ал социологияны социалдык статика (индивидди, үй-бүлөнү жана коомду өздөштүрүү) жана социалдык динамика (коомдо болуп жаткан социалдык процесстер) деп экиге бөлгөн. "Позитивдүү саясаттын системи же адамзаттын динин аныктоочу социология жөнүндө трактат" деген эмгегинде азыркы коомдо диндин уюштуруучу жана тарбиялоочу роль ойноорун жазган.

Ойчулдун мындан тышкары "Позитивизмдин руху жөнүндо ой толгоо" (1844), "Позитивизмдин катехизиси" (1852), "Субьективдүү синтез" (1856) деген китептери бар. О.Конт 1857-жылы 5-сентябрда Париж шаарында көз жумган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан