12- Январь 1854 -жылы император ысык-көлдүк кыргыздарга букаралык ыйгарууну жактырып, Батыш Сибирь генерал-губернаторуна алардан шерт алып, империя курамына киргизүү маселеси жүктөлгөн
Ысык-көлдүк кыргыздар келечек өнүгүүсүн Орус империясы менен түздөө максатында 1853-жылдын сентябрь айында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна орустардан букаралык сурап элчилик жиберген. 
Батыш Сибирь генерал-губернатору кыргыздарга букаралык ыйгаруу али эрте экендигин билдирип, Тышкы иштер министрлигине рапорт жолдогон. Анткен менен Тышкы иштер министрлиги Ысык-Көл өрөөнүнүн калкын Орусия империясынын курамына алуу керек деп эсептеп, толук чечүү маселесин императорго калтырган. 
Император ысык-көлдүк кыргыздарга букаралык ыйгарууну жактырган соң 1854-жылдын 12-январында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна алардан шерт алып, империя курамына киргизүү маселеси жүктөлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан