13- Январь 1918 -жылы
Дыйкандардын II облустук съезди аяктаган
Дыйкандардын II облустук съезди аяктаган. Ал Пишпек уездинде, ошондой эле жалпы Жети-Суу облусунда совет бийлигинин орношуна маанилүү роль ойногон. Дыйкандардын курултайы тап күрөшү курчуган оор кырдаалда өткөн. Бир жагынан ага Убактылуу өкмөттүн жактоочулары комиссар Шкапский, Иванов жана башкалар чыкса, экинчи жагынан казактардын "өкмөттүк аскерлери" дыйкандардын жыйынын болтурбоого аракет жасашкан. Анткен менен алар дыйкандардын каалоосун чектей алышкан эмес. Жыйынга катышкан дыйкандар толугу менен областта совет бийлигинин орногондугун таанышып, облустук Советти шайлашкан.