13- Январь 2006 -жылы Бишкекте мамлекеттик тилге арналган республикалык жыйын өткөрүлгөн
Бишкек шаарында мамлекеттик тилге арналган республикалык жыйын өткөрүлгөн. Мамлекеттик катчы, тийиштүү министрликтердин, областтык бийликтердин өкүлдөрү жана акын-жазуучулар катышкан жыйында кыргыз тилинин колдонуу тармагы талкууланган. Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү туурасында билдирүү жасаган Тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ташбоо Жумагулов кыргыз тилине жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын белгилеген. Жыйында Баш мыйзамдан орус тилине берилген расмий статусун жоюп, орус тилин эл аралык байланыштын тили катары саноо туурасында сунуштар айтылган. Акырында жыйын катышуучулары өлкө калкына кайрылуу кабыл алышып, анда өлкө эгемендүүлүккө жеткени менен, эне тил толук эгемендикке ээ боло албай жатканы, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн кечеңдетилиши, кыргыз тилинин келечеги үчүн жалпы журт жапа тырмак киришүү зарылчылыгы белгиленген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан