13- Январь 2006 -жылы
Эгемен Кыргызстандын тарыхында кийин арбын кездешкен кезектеги басып алуу аракети Ош областтык сотунда жасалган
Эгемен Кыргызстандын тарыхында кийин арбын кездешкен кезектеги басып алуу аракети Ош областтык сотунда жасалган. Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо чуулгандуу чыр чыгып, акыры сот жана жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен ал андан да алоолоно тутанган. Ош областтык шайлоо комиссиясынын шайлоо өнөктүгүндө үчүнчү орунду ээлеген талапкер Абдымиталип Приизди айыл өкмөтүнүн башчысы деп чечим чыгарышы кырдаалды ого бетер курчуткан. Окуянын мындай өнүгүшүнө нааразы болгон анын атаандаштары өз жактоочулары менен А.Приизди Папан айыл өкмөтүнүн имаратына киргизбей, андан соң алар Ош областтык сотунун имаратын басып алууга аракет жасашкан.