14- Январь 1918 -жылы Пишпек жумушчу жана жоокер депутаттар кеңешинин төрагалыгына Швец-Базарный шайланган
Советтик тарыхнаамада көрүнүктүү большевик катары белгиленген Швец-Базарный Пишпек жумушчу жана жоокер депутаттар кеңешинин төрагалыгына шайланган. Швец-Базарныйдын тагдырындагы чукул бурулуштун жасалышы жана анын большевиктик бийлик шатычасында таасирдүү адамга айланышынын себеби ал аскерлерге тамак паёгун жазган кызмат абалына байланыштуу болгон. Башкача айтканда, "май кармаган бармагын жалайт" дегендей, Швец-Базарный жең ичинен жакындарын багып, алар өз маалында Швец-Базарныйга добуш беришкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан