15- Январь 1929 -жылы
Кыргыз облусунун V партиялык конференциясы ишин баштаган
Он күнгө созулган партиялык жыйында Орто Азия ВКП (б) Борбордук комитетинин отчёту талкууланып, облустук ревизиялык комитеттин аткарган иши угулган. Мындан тышкары большевиктер аялдарга эркиндик берүү, жакырчылыкка каршы күрөшүү жана кооперативдик курулуш тегерегинде пикир алмашышкан.