Кыргызстандык 11 саясий партия, 6 бейөкмөт уюм конституциялык түзөтүү жана толуктоолор үчүн өткөрүлчү референдумга караманча каршы пикирлерин билдиришкен. Билдирүүдө жаңы редакцияда каралган нормалар мамлекет башчысынын бийлигин эбегейсиз чекке жеткирип, парламентти күңкор абалга келтире тургандыгы белгиленген.