26- Декабрь 2013 -жылы
"2013-жылдын супер ырчы айымы" Чолпонайга продюсери Эрнест Үмөталиев шакек салып, колун сураган
Кыргыз эстрадасынын таланттуу жылдыздарынын бири, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча "2013-жылдын супер ырчы айымы" наамынын ээси Чолпонай менен продюсери Эрнест Үмөталиев үйлөнүү тууралуу сунушту ырчынын жеке концертинен кийин, Бишкектеги түнкү клубдарынын биринде киргизген. Ал "Мен чоң кадам таштап жатат окшойм. Чолпонай менен 12 жылдан бери сүйлөшөм. 2 жыл кыз-жигит катары чогуубуз. Мен бул кызды сүйөм. Сен үчүн жасаган нерселер сенсиз колумдан келмек эмес" деп колуна шакек таккан.
Эрнест Үмөталиев - "Ак шоола" театралдык балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова менен Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин уулу. Эрнест элге алгач "Ак шоола" балдар хорунда тарбияланган окуучулардан түзүлгөн "Кылым" тобунун ырчысы жана жетекчиси катары таанылган. Ал эми Чолпонай ал топтун мүчөсү болгон.