27- Декабрь 2013 -жылыБолот Мотукеев Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалган
Болот Мотукеев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.
Болот Мотукеев илимдин доктору, дене тарбия жана спортко арналган китептин автору.