30- Декабрь 2013 -жылы
Белгилүү германиялык автожарышчы Михаэль Шумахердин башына операция жасалган
Автожарыштардын Формула-1 сериясы боюнча 7 жолку дүйнө чемпиону германиялык Михаэль Шумахер кышкы эс алууну Франциянын Мерибель шаарындагы тоо-лыжа базаларынын биринде өткөрүп жаткан. Лыжа тээп жүргөндө жыгылып, башы менен ташка урунган.
Бул учурда спортчунун башында шлем болгону такталган. Шумахер оор абалда ооруканага жеткирилип, бир топ убакыт комада жаткан. Андан соң баш сөөгү кесилип, операция жасалган.