30- Декабрь 2013 -жылыКаныбек Осмоналиев биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган
Каныбек Осмоналиев биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Маалыматка караганда, Каныбек Осмоналиев спорттун өнүгүшүнө жана келечек муунду тарбиялоого салым кошкондугу үчүн аталган орден менен сыйланган. Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону.