18- Январь 1919 -жылы Париж Тынчтык конференциясы ишин баштаган
Биринчи дүйнөлүк согуштун жеңүүчү мамлекеттеринин демилгеси менен чакырылган Париж Тынчтык конференциясы ишин баштаган.
Ага 27 өлкө жана Улуу Британиянын курамына кирген 5 көз карандысыз (доминион) өлкө катышып, ортодогу тыныгуулары менен 1920-жылдын 21-январына чейин уланган.
Париж Тынчтык конференциясында Германия менен "Версаль тынчтык келишими", Австрия менен "Сен-Жермен келишими", Болгария менен "Нёйи келишими", Венгрия менен "Трианон келишими" жана Осмон Империясы менен "Севр тынчтык келишимдери" түзүлгөн.
(Сүрөттө Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Ллойд Жордж, Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Витторио Орландо, Франциянын премьер-министри Жорж Клемансо жана АКШнын 28-президенти Вудро Вильсон)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан