19- Январь 1609 -жылы
Орус воеводалары кыргыздарга кысым көрсөтүү жана албан алуу максатында Кыргыз жергесинен казак-орустарды жиберишкен
Эне-сайлык кыргыздар менен сибирдеги орус воеводалары арасындагы мамиле 17-кылымдын башталышында кыйла оңолуп, андан ары алар соода-сатык алакага аралашкан. Анткен менен орус воеводалары кыргыздарга кысым көрсөтүү жана албан алуу максатында Кыргыз жергесинен казак орустарды жиберишкен.
Эне-сайлык кыргыз урууларынын улугу Номча орустарга албан менен кошо аялын барымтага карматып, калган албанды кийин төлөөгө убада берген. Эне-сайлык кыргыздардын калган уруу башчылары - Көчебай, Ноян жана Кашкалар орустарга албан бермек түгүл, аскерлерди сабап, аларды камакка алып, ачка кармашкан.