19- Январь 1935 -жылы
Кыргыз мамлекеттик сүрөт галереясында сүрөт көргөзмөсү салтанат менен ачылган
Фрунзе шаарынын Эмен паркында орун алган мурдагы Николаевск собордук чиркөө имараты Кыргыз мамлекеттик сүрөт галереясы болуп өзгөртүлүп, галереяда сүрөт көргөзмөсү салтанат менен ачылган.
Сүрөт көргөзмөсүнө Третьяков галереясынан алынып келген 54 сүрөт коюлуп, алардын он сегизи РСФСР Агартуу комиссариатындагы XVIII-XIX кк. таандык тарыхый эстеликтер эсептелген. Мындан сырткары көргөзмөгө 1934-жылы өткөрүлгөн I Республикалык Сүрөт көргөзмөсүнө катышкан жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары коюлган.